Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Декабрь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 04:44

Аба ырайы: айрым аймактарда кар жаайт


Иллюстрация.
Иллюстрация.

4-февралда Кыргызстанда түнкүсүн Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир райондорунда, Ош облусунун тоолуу райондорунда кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу "Кыргызгидромет" билдирди. Күндүз Ысык-Көл облусунун кээ бир райондорунда кар жаайт. Айрым райондордо туман түшүшү мүмкүн.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -4...-9, күндүз 0…5;

Талас облусунда түнкүсүн -4...-9, күндүз 0…5;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында түнкүсүн 0…-5, күндүз 3…8;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -4…-9, күндүз -1...4;

Нарын облусунда түнкүсүн -15…-20, күндүз -3…-8;

Бийик тоолордо түнкүсүн -26…-31, күндүз -9…-14 градуска чейин төмөндөйт.

Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Туман капташы мүмкүн. Абанын температурасы түнкүсүн -5…-7° суук, күндүз 2…4° жылуу болушу күтүлөт.

 

XS
SM
MD
LG