Коронавирус жуктургандардын теңинен көбү (107 адам) Бишкек шаарында, андан кийинки орунда Чүй облусу (46) турат.
Жалпысынан өлкөдө COVID-19 жуктургандардын расмий саны 199 миңден ашып, 2896 бейтап көз жумду.
Учурда 966 адам ооруканада, дагы 3,5 миңден ашыгы үйүндө дарыланып жатат. Ооругандардын ичинен 530дан ашык адамдын абалы оор, дагы 360тай бейтап орточо оор абалда.
3-февралда Коронавируска каршы күрөшүү штабынын жыйынында саламаттык сактоо министринин орун басары Улукбек Бектурганов коронавирус жуккан учурлар, ооруканага жаткырылган бейтаптардын санына карап өлкө вирустун төртүнчү толкунунун чегинен өттү деп айтса болорун маалымдады.
Жыйында Кыргызстандын аймагына келген жарандардан ПЧР-тест талап кылуу эрежесин алып салуу жагы да каралды.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов жакынкы күндөрү өлкөдө карантин чаралары жеңилдей баштарын билдирди.