Муундардын ортосундагы кадыр-барк. “Байчечекейдин” редактору менен маек
“Сыябан” подкастынын коногу - Кыргыз эл акыны, “Байчечекей” балдар журналынын редактору Токтосун Самудинов. Калемгер 45 жылдык тарыхы бар балдар журналы, адабияттагы пародия жанрынын өзгөчөлүгү, эмгектин баасы, муундардын ортосундагы кадыр-барк, өрнөк тууралуу ой-пикирлери менен бөлүштү.