Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:14

АКШ элчиси адам укуктарына байланыштуу Кытайды сынга алды


Бээжин. Кышкы Олимпиада оюндарынын ачылышы.
Бээжин. Кышкы Олимпиада оюндарынын ачылышы.

АКШнын БУУдагы элчиси Линда Томас-Гринфилд Кытай Олимпиада отун күйгүзүүгө уйгур улутундагы атлетти тандоо менен коомчулуктун көңүлүн адам укуктарын бузуулардан "алагды кылууну көздөйт" деп билдирди.

Томас-Гринфилддин айтымында, “уйгурлар кыйноолорго туш болууда, алардын укуктары тебеленүүдө”. Элчи 6-январда CNN телеканалынын эфиринде Вашингтон “Кытайда адамзатка каршы кылмыш жасалып жатканын айтып келатканын” билдирип, АКШ бул ойду карманарын кошумчалады.

Кытай бийлиги Шинжаң аймагында уйгурларды жана башка мусулман азчылыктарды басмырлап, куугунтуктап келатканы үчүн сынга кабылууда. Бээжин айыптоолорду четке кагып, терроризм менен күрөшүү үчүн уйгурларды “кайра тарбиялоодон” өткөрүп жатканын айтып жүрөт. Томас-Гринфилд Олимпиада отун жандыруу жараянына байкоо салган көрүүчүлөр “Шинжаңда болуп жаткан окуялардан кабардар экенибизди, алар көз жаздымда калбасын түшүнүүгө тийиш” деп айтты.

4-февралда кышкы оюндар башталып жатканда Олимпиада отун шинжаңдык лыжа спортчусу Динигеер Йиламуцзян жана биатлонист Цзяфэн Чжао жандырган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG