Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:37

Травматология борборунун айланасындагы талашты атайын комиссия иликтей баштады


Оорукананын алдындагы акция. 4-февраль, 2022-жыл.
Оорукананын алдындагы акция. 4-февраль, 2022-жыл.

Бишкек шаардык Травматология жана ортопедия илимий борборунун айланасындагы окуяларды иликтөө боюнча атайын комиссия иштеп жатат. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы маалымдады. Жакын арада анын жыйынтыгы белгилүү болору кабарланды.

4-февралда министр Алымкадыр Бейшеналиев аталган борбордун директору Сабырбек Жумабековду кызматтан бошотконун жарыялаган.

Жумабеков президент Садыр Жапаров айтмайынча кызматынан кетпей турганын билдирген.

Саламаттык сактоо министрлиги мындай чечимди мыйзамдын негизинде борборду жоюп, ордуна шаардык "Тез жардам" ооруканасын түзүү аракети менен түшүндүргөн.

5-февралда буга каршы бир нече адам акцияга чыгышкан. Алар министр Бейшеналиевдин отставкасын талап кылып, борборду сактап калуу зарылдыгын айтышкан.

Бишкектеги Травматология жана ортопедия боюнча илим изилдөө борбору ооруларды реабилитациялоо жана илимий багыттагы дарыгерлерди даярдоо максатында 2004-жылы Бишкек шаардык №4 оорукананын базасында түптөлгөн. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG