Орусияда акыркы үч жумада биринчи жолу коронавируска чалдыккандар жогорку чекке жеткен жок. Расмий маалыматка караганда, 6-февралда аннексияланган Крымды эске алганда инфекцияланган 172 миң киши катталды. Алдынкы күнү 180 миң киши катталган.
Бир суткада ооруканага түшкөндөр да, илдеттен каза болгондор да азайды. COVID-19 оорусуна чалдыккандар өзгөчө борбор шаар Москвада ылдам азаюуда. "Омикрон" вариантына байланышкан эпидемиянын жаңы толкуну ал жакта башка региондорго караганда эрте башталган.
"Омикрон" тезирек жугат, бирок буга чейинки штаммдар менен салыштырганда оор формаларга анча көп жеткирбейт. Пандемия башталган 2020-жылдан бери Орусияда суткасына коронавирустун 100 миңден көп жаңы учуру катталып келди. Бирок бийлик катаң карантин киргизүүгө чейин барган жок. Айрым санитардык эрежелер да жеңилдетилүүдө.