Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июнь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:16

Экс-министр Конгантиев менен коштошуу зыйнаты 14-февралда болот


Маркум Молдомуса Конгантиев.
Маркум Молдомуса Конгантиев.

Мурдагы ички иштер министри Молдомуса Конгантиевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты эртең, 14-февралда Абдылас Малдыбаев атындагы Кыргыз Улуттук академиялык опера жана балет театрында өтөт. Бул тууралуу Бишкек шаардык кеңешинин, Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, коштошуу зыйнаты 10:00дө башталат.

Молдомуса Конгантиев 12-февралда 64 жаш курагында көз жумду. Анын эмнеден каза болгону азырынча белгисиз.

Ал 1958-жылы Жалал-Абад облусунун Майлуу-Суу шаарында туулган. Ички иштер органдарында 1979-жылдан тарта иштей баштаган. Кыргыз мамлекеттик университетинин юридикалык факультетин укук таануу адистиги боюнча аяктаган. Милициянын генерал-лейтенанты.

2005-жылы Бишкек милициясын, 2008-2010-жылга чейин ИИМди жетектеген. 2010-жылдагы өлкөдөгү коомдук-саясий окуялардан кийин кызматтан кетип, мамлекеттик жана саясий иштерге аралашкан эмес.

Конгантиевдин сөөгү Бишкектеги "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлат.

2021-жылы январда анын жубайы Базаркүл Нурбаева каза болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG