Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 06:01

Ооганстанда дайынсыз болуп жаткан төрт активист аял абактан табылды


Жоголуп, абактан табылган активисттердин бири Парвана Ибрагимхил.
Жоголуп, абактан табылган активисттердин бири Парвана Ибрагимхил.

Ооганстанда бир нече аптадан бери дайынсыз болуп жаткан төрт активист аялды өлкөнү башкарып жаткан “Талибан” абактан чыгарды. Бул тууралуу Бириккен Улуттар Уюмунун Ооганстанга көмөктөшүү миссиясынын Твиттердеги баракчасында кабарланды.

Тамана Заряби Парьяни, Парвана Ибрагимхил, Захра Мохаммади жана Мурсал Аяр талибдерге каршы митингдерден кийин жоголуп кеткен. Алдыңкы экөө январдын аягында, калган экөө февралдын башынан бери дайынсыз болуп жаткан.

Анын алдында аялдардын бири эшигинин алдында талибдер турганын билдирген видео жарыялаган. “Талибан” ушу кезге чейин аларды кармаганын төгүндөп келген.

Ооганстандын көпчүлүк аймагын каратып алгандан кийин “Талибан” кыймылы 2021-жылдын 15-августунда Кабулду басып алган. Мурдагы бийлик борборду кармашуусуз таштап чыгып кеткен. Президент Ашраф Гани өлкөдөн качып кеткен, учурда бийлик талибдердин колунда. Алар бийликти башкарып жаткандан бери өздөрүнө каршы топторго жана митингдерге кескин бөгөт коюп, сындаган журналисттерди жана активисттерди камакка алып жатат. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG