Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:47

Зомбулукка кабылган аялдар жана балдар менен иштөө боюнча китепчелер даярдалды


Зомбулукка кабылган аялдар жана балдар менен иштешкен милиция кызматкерлери үчүн атайын китепчелер даярдалды. Бул тууралуу 14-февралда Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, зомбулуктун түрлөрү жана белгилери, аялдар жана балдар менен иштөө өзгөчөлүктөрү, аларга жардам берүүнүн эл аралык стандарттары, зомбулукту алдын алуунун укуктук негиздери жана ыкмалары жазылган китепчелер Кыргызстандын бардык аймактарына таратылып, өспүрүмдөр менен иштешкен инспекторлорго жана аймактык милиционерлерге тапшырылат.

Кыргыз жана орус тилдеринде жазылган китептердин алгачкы партиясы Бишкектин жана Чүйдүн милиционерлерине таратылып берилди.

ИИМ бул китептерди Бириккен Улуттар Уюмунун жана Европа Биримдигинин каржылык колдоосу менен даярдады.

Кыргызстанда акыркы үч жылда балдарга карата сексуалдык зомбулук дээрлик эки эсе, психологиялык зомбулук үч эсе, денеге залака алып келген зомбулук 30% көбөйгөнүн Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги быйыл 8-февралда билдирди.

Соңку жылдары кыз-келиндерге карата зомбулук да күчөгөнүн өкмөт өкүлдөрү моюнга алууда. Дүйнөдөгү аялдардын коопсуздугу жана бакубаттыгы боюнча глобалдык индексте (WPS) Кыргызстан былтыр кооптуу өлкөлөр катарына кирген. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG