Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:58

Беларус Орусиянын аскерлери машыгуу бүткөндөн кийин кетерин жарыялады


Беларустагы Орусия менен биргелешкен аскердик машыгууда колдонулуп жаткан техникалар.
Беларустагы Орусия менен биргелешкен аскердик машыгууда колдонулуп жаткан техникалар.

Беларустун тышкы иштер министри Владимир Макей өлкөдө биргелешкен машыгууга катышып жаткан Орусиянын жоокерлери ушул аптанын соңунда аскердик машыгуулар аяктагандан кийин чыгып кетерин жарыялады.

“Бир дагы жоокер, бир дагы аскердик техника калбайт. Бул тууралуу Коргоо министрлиги да, Лукашенко да, ЕККУнун астындагы иш-чараларга катышып жаткан беларус делегациялары улам-улам айтып жатты”, -деди Макей 16-февралда Минскидеги басма сөз жыйынында.

10-февралда Беларуста Орусия менен биргелешкен аскердик машыгуу башталган. Ал 20-февралга чейин уланары кабарланган. Ага катышкан жоокерлердин жана техниканын саны айтылган жок.

Бир катар басылмалар Орусия тараптан 30 миңдей аскер келгенин жазышкан. Орусия кошуна өлкөгө зениттик-ракета комплекстерин, истребител, башка согуш учактарын, замбирек дивизионун жөнөткөн.

Беларустун авторитардык лидери Александр Лукашенко жана Орусиянын президенти Владимир Путин ушул апта ичи жолугуп, биргелешкен билдирүү жарыялашары мурдараак маалымдалган.

АКШ, Британия сыяктуу НАТОго мүчө өлкөлөр Орусия Украина менен чек арасына жакын аймактарына 150 миңдей аскерин жана аскердик техникасын топтоп койгонун, Москва кайсы учур болбосун Украинага кол салышы мүмкүн экенин эскертип келишкен. Беларус менен Орусиянын биргелешкен аскердик машыгуусу бул кооптонууларды дагы күчөткөн.

Орусиянын соңку аракеттери былтыр жайында НАТОнун саммитинде Украинаны аталган уюмга кошуу маселеси каралгандан кийин күчөгөн. Москва буга каршылык билдирип, күз айларынан баштап аскерлерин коңшу өлкөнүн чек арасына жакын жерлерге жыйнай баштаган.

АКШ жана башка Батыш өлкөлөрү Москваны "чабуул жасаганга даярданып жатат" деп айыптаган. Кремл аны четке кагууда, ошол эле маалда “коопсуздук кепилдиктерин” талап кылып келет. Чыңалуу жыл башынан бери курчуду. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG