Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:25

Гаагада ооганстандык мурдагы абак кызматкеринин соту башталды


Ооганстандын Пул-э-Чархи түрмөсү.
Ооганстандын Пул-э-Чархи түрмөсү.

Нидерланддын борбору Гааганын сотунда 76 жаштагы ооганстандык мурдагы абак кызматкеринин үстүнөн сот башталды.

“Абдул Р.” деп аталган шектүү Кабулдагы эң ири Пул-э-Чархи түрмөсүнүн башчысы катары андагы жарандарды соттун чечими жок кармоо, кыйноо жана жазалоо иштеринин башында турган деп айыпталууда. Муну үчүн аны 20 жылга чейин эркинен ажыратуу суралып жатат.

Шектүү аны башка киши менен адаштырып жатышканын, коюлуп жаткан айыптардын баарын мойнуна албай турганын айтты.

Нидерланддын прокуратурасы ал алдап жатканын, айыпталган киши 1983-1990-жылдары саясий иштер боюнча бөлүмдү башкарганын жана түрмөдө командир болгонун билдирүүдө. Бул жылдары коммунисттик режимге каршы чыккан миңдеген адамдар кармалып, соттук териштирүүсүз жазага тартылышкан. Кармалгандар электр тогу менен, уруп-сабоо жана тырмактарын сууруу сыяктуу кыйноолорго туш болушкан.

“Биз бул аскердик кылмыштар жазасыз калбаш керектигин, ага күнөөлүүлөр канча жыл мурда болгонуна карабай жоопкерчиликке тартылышын маанилүү деп эсептейбиз. Биз аскердик кылмыштар мурда жана биздин өлкөдөн алыста болсо да, аскердик кылмышкерлер үчүн Нидерланд коопсуз баш калка таап алчу жер болбошу керек”,-деди прокурор Мирьям Блом.

Айыпталуучу 2001-жылы Нидерландга башка ысым менен келгени маалымдалды. Ал бул өлкөнүн жарандыгын алганы үчүн иш Гаагада каралууда. Беш баланын атасы 2019-жылы кармалган. Аталган иш Сириядагы жана Ооганстандагы жаңжалдардагы кылмыштар үчүн күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу боюнча европалык өлкөлөрдө башталган соттук процесстердин бир бөлүгү болуп саналат. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG