Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:25

“Донецк Элдик Республикасынын” башчысы жарандар Орусияга эвакуацияланып жатканын айтты


Донецкидеги имараттардын бири.
Донецкидеги имараттардын бири.

Өзүн-өзү жарыялаган “Донецк Элдик Республикасынын” башчысы Денис Пушилин коопсуздукка байланыштуу аймактын жашоочулары Орусиянын Ростов облусуна жапырт эвакуацияланып жатканын маалымдады. Бул тууралуу ал Телеграмдагы баракчасында жазды.

Пушилин коңшу өлкөнүн жетекчилиги менен калкты убактылуу жайгаштыра туруу макулдашуусу кабыл алынганын, биринчи кезекте аялдар, балдар жана кары-картаңдар чыгарылып жатканын айтты.

Акыркы эки күндө Украин аскерлери жана Донбасстагы жикчилдер бири-бирин ок чыгарууга айыпташкан. Украина жикчил топтор мурдагы түнү 60-70 жолу ок чыгарганын, жума күнү 20дан ашык ок атышканын кабарлаган. Ошол эле маалда өздөрүн-өздөрү жарыялаган “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасы” да украин аскерлерин чабуул жасады деп күнөөлөп жатат.

Европа коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) миссиясы аталган эки аймакта соңку суткада 500дөй жарылуу болгонун каттап, тараптарды тең ок атууну токтотууга чакырган.

Украинанын коргоо министри Алексей Резников Донбасс аймагында атышуулар күчөгөнүн Москванын колдоосу менен ишке ашып жаткан чагым деп атаган. Москва болсо аймакта кырдаал кайсы убакта болбосун “жалындап кетишин” эскерткен.

Атышуулар Украина менен Орусиянын ортосундагы чыңалуу курчуган мезгилге туш келди. Батыш өлкөлөрү Донбасстагы жаңжалды чагым катары пайдалануу менен Орусия Украинага басып кириши мүмкүн деп кооптонуп турушат. Орусия тескерисинче украин тарап аталган аймакта чагым даярдап жатат деп Киевди айыптоодо.

15-февралда Орусиянын Коргоо министрлиги Украина чек арасынын айланасында топтолгон аскерлер жана техника аскердик машыгуулар аяктагандан кийин артка кайтарылып жатканын жарыялаган. Москва бул маалыматты 16-17-февралда да билдирген. АКШ, НАТО жана Украинанын бийлиги Орусия аскерлерин Украинанын чек арасынан артка тартканы байкалбаганын жарыялап, кол салуу коркунучу дале сакталып турганын билдирди.

Украинанын чыгышындагы согуштук аракеттерден кийин ошол аймактагы орусиячыл жикчилдер 2014-жылдын апрель айында эки облустун аталышын “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасы” деп жарыялашкан. Москва Украинага карата агрессияны жана жикчилдерди колдогонун төгүндөп келет. Эки аймакты тең бир да өлкө мамлекет катары тааныган эмес, алар экөө биригип Донбасс деп да аталат. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG