Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:16

Парламент төрагасынын басма сөз катчысы болуп Эркинбек Каимов дайындалды


Эркинбек Каимов.
Эркинбек Каимов.

Эркинбек Каимов Жогорку Кеңештин төрагасынын басма сөз катчысы болуп дайындалды. Парламенттин расмий сайтына 18-февралда жарыяланган маалыматка караганда, Каимов журналистика тармагында кесиптик чоң тажрыйбага ээ.

Буга чейин ал парламенттик аппараттын, «Кыргыз темир жолу» ишканасынын басма сөз кызматтарын жетектеп иштеген. Жалал-Абад облустук мамлекеттик телерадиокомпаниясын жетектеген. Мамлекеттик телерадиоканалда түрдүү программалардын автору жана алып баруучусу болгон.

Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов бул кызматка 2021-жылдын 29-декабрында келген. Ал буга чейинки чакырылышта да парламент төрагасы болуп иштеген. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG