Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:18

Казакстандагы тополоңдо жети жаш балага ок тийгени маалым болду


Казакстандагы январдын башындагы окуялар.
Казакстандагы январдын башындагы окуялар.

Казакстандагы январдын башындагы тополоңдордо жети жаш балага ок тийип, ар кандай деңгээлде жаракат алып ооруканага түшкөн. Бул тууралуу өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү Бауыржан Жусипов 18-февралдагы басма сөз жыйынында “Азаттыктын” казак кызматынын суроолоруна жооп берип жатып билдирди.

Анын айтымында, наристелердин төртөө Алматы шаарында, экөө Алматы облусунда жана бирөө Жамбыл облусунда жабыркаган. Ал мындан сырткары Алматы облусунда кош бойлуу аял көздөн жаш агызуучу нерседен жаракат алганын кошумчалады.

Министрликтин өкүлүнүн маалыматында, өзгөчө абал режими иштеп турган 5-январдан 19-январга чейин 2740 киши жаракат алып медициналык мекемелерге кайрылган. Алардын 897си ооруканага жаткырылган, анын ичинде 188и реанимацияга түшкөн. 891 киши кайра чыгарылган, учурда алты киши дарыланууда.

“Кандуу январь” окуяларында жалпы 227 адам өлгөнү маалым. Мунун 177си медициналык мекемелерде каза болгонун Саламаттык сактоо министрлиги кабарлады. Ооруканада үзүлгөндөрдүн ичинде төртөө аял экени маалым болду.

Казакстандын бийлиги каза болгондордун аты-жөнүн жарыялай элек. Укук коргоочулар жана ыктыярчылар мерт болгондордун ысымдарын өз алдынча топтоп жатышат.

Тополоңго байланыштуу жалпы 10 миңдей адам кармалган, алардын миңге жакыны камакка алынды. Кийин айрымдарынын бөгөт чарасы үй камагына өзгөртүлгөн. Башкы прокуратуранын маалыматына караганда, соңку окуяга байланыштуу камакта жаткандардын саны 17-февралга карата 741ди түзгөн. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG