Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:14

Улуттук банк күмөндүү турак жай кооперативдери активдешкенин билдирди


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Кыргызстандын Улуттук банкы жарандарга турак жай кооперативи сыяктуу күмөндүү уюмдар активдешкенин эскертти. Башкы банк учурда маалымат каражаттарында, социалдык тармактарда ушундай институттардын жарнамалары көбөйгөнүн белгилейт.

"Көпчүлүк учурларда кардарларга сатып алынган мүлктүн (кыймылсыз мүлк, унаалар ж.б.) наркынын 10-50% төлөө сунушталат. Калган сумманы кезеги келген кардарга (адатта 3 айдан 9 айга чейин) уюм кошуп, мүлктү алып берет. Эреже катары каржылоо иш-аракеттери башка кардарлардын акчалай салымдарынын эсебинен ишке ашат", - деп жазылат маалыматта.

Ошондой эле Улуттук банк мында каржы пирамидасынын белгилери бар экенин айтып, жарандарды этият болууга, бардык документтерди дыкат текшерип, мамлекеттик органдардагы маалыматтар менен салыштырууга, жасалма эместигин аныктоого чакырат.

Ички иштер министрлигинин (ИИМ) маалыматына караганда, былтыр биринчи жарым жылдыкта “каржы пирамида” ишмердүүлүгүнө байланыштуу 906 факт катталган жана алар боюнча материалдык зыян дээрлик 35 млн. сом экени айтылган.

Жазык кодексинин 214-беренеси “Каржы пирамидаларын уюштуруу” боюнча беш жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

Азыркы учурда Кыргызстанда иштеп жаткан турак жай кооперативдеринин так саны белгисиз, мамлекет бул жаатта башкаруу саясатын жүргүзбөйт. Кыргызстандын кооперативдер биримдигинин малыматында алардын саны жетимиштин тегерегинде деп эсептелет. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG