Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:41

БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы 100 жакыр үй-бүлөгө 100 миң сомдон берет


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы Кадамжай жана Жумгал райондорунда 100 аз камыз үй-бүлөгө жакырчылыктан чыгууга жардам берүү максатында социалдык контракт боюнча пилоттук долбоор баштады.

Аз камcыз болгон үй-бүлөлөргө социалдык контракттын негизинде бир жолку 100 миң сом өлчөмүндө акчалай жардам көрсөтүлөт.

Комплекстүү колдоонун ичинде: каржылык сабаттуулук боюнча окутуу, бизнес-план түзүүдө жардам берүү, кесиптик окутуулар, социалдык кызматтар жана бизнести ийгиликтүү алып кетүүгө багытталган насаатчылык камтылган.

БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы 2020-жылдын Нобел тынчтык сыйлыгынын ээси.

БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасы менен Кыргызстандын Улуттук статистика комитети өлкөдөгү пандемияга чейинки жана андан кийинки калктын экономикалык, социалдык абалын талдап чыккан. Анда коронавирус пандемиясына байланыштуу көп үй-бүлөлөр жумушсуз калып, киреше булагын жоготкону белгиленген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG