Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:02

БУУ Тажикстанга гуманитардык жардам жиберди


Тажикстанга келген гуманитардык жардам.
Тажикстанга келген гуманитардык жардам.

Бириккен Улуттар Уюмунун Качкындар боюнча Жогорку комиссарлыгынын Тажикстандагы башкармалыгына Ооганстандан ыктымалдуу качкындардын агымына даярдык көрүү максатында Европа Биримдиги жана Жапония өкмөтү тарабынан 20 тонна гуманитардык жардам келди.

"Гуманитардык жүктүн биринчи партиясы 104 атайын курама турак жай модулун камтыйт, анын ичинде төшөнчү, ашканага буюмдары, пластикалык пленкалар жана башка керектүү нерселер бар", - деп айтылат маалыматта.

"Тажикстанда БУУнун Качкындар боюнча комиссарлыгы координациялаган гуманитардык уюмдар өкмөткө өзгөчө кырдаалдарга даярдык көрүү үчүн берилди. БУУнун Качкындар боюнча комиссарлыгы 30дан ашык улуттук жана эл аралык гуманитардык жана өнүктүрүү агенттиктерин бириктирген Качкындарга жардам көрсөтүүнү координациялоо моделинин алкагында өкмөткө мындан ары да жардам көрсөтүүгө ниеттенүүдө", - деп билдирди БУУнун Качкындар боюнча комиссарлыгынын Тажикстандагы өкүлү Мулугета Зевди.

"Талибан" былтыр август айынын ортосунда Ооганстанда бийликти басып алган жана бул Тажикстанга качкан оогандардын санынын көбөйүшүнө алып келген. Расмий маалыматтар боюнча, учурда Тажикстанда 15 миң ооган качкыны бар. Жакында тажик бийлиги Ооганстандан келе турган качкындар үчүн Тажикстандын түштүгүндөгү Жалолиддин Балхи аймагында атайын лагерь курула турганын билдирген.

XS
SM
MD
LG