Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:50

Бишкектин вице-мэри Азат Узаков кармалды


Бишкек мэриясы.
Бишкек мэриясы.

Бишкек шаарынын вице-мэри Азат Узаков социалдык объектилерди курууда акча каражатын уурдоо боюнча кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Узаков менен кошо "Г.П.С" жоопкерчилиги чектелген коомунун башкы директору Т.Г.Т., мамлекеттик курулуш турак жай жана жарандык курулуш башкармалыгынын бөлүмүнүн башчысы А.Э.Ж. кармалган.

Маалыматка ылайык вице-мэр Азат Узаков өкмөттүн аппаратынын курулуш, транспорт жана коммуникациялар бөлүмүнүн башчысы болуп турганда, жеке компаниянын кызыкчылыгын көздөө максатында коррупциялык схема уюштурган.

Анда Чүй облусунун Кош-Коргон айылындагы Т.Каракеев атындагы орто мектептин курулушун каржылоодо Узаков мамлекеттик курулуш комитетинин жана Чүй капиталдык курулуш башкармалыгынын кызматкерлери менен жең ичинен сүйлөшүп алып, "Г.П.С." ЖЧКсынын кызыкчылыгын бир нече жолу колдогону, натыйжада объектини жасалма ишке киргизүү менен бюджетке 10,8 миллион сомдук зыян келтирилгени айтылат.

"Мектептин жер төлөсү, ашкана, спорт залынын курулушу бүтпөй, имараттын фасады толук жабдылган эмес, айланасы жашылдандырылбай, коопсуздук системасы, электр менен камсыздоо иштери бүтпөй калган", - деп айтылат билдирүүдө.

Атайын кызмат текшерүү иш-чаралары бюджеттин, гранттардын жана донорлордун каражатынын эсебинен курулган бардык мектептерге карата жүргүзүлүп жатканын билдирди.

XS
SM
MD
LG