Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:49

Донбасста орусиячыл жикчилдер жалпы мобилизация жарыялады


Донбасста орусиячыл жикчилдердин башчылары алар көзөмөлдөгөн аймактарда жалпы мобилизация жарыялап, 18 жаштан 55 жашка чейинки эркектердин сыртка чыгышына тыюу салды.

Ишемби күнү эртең менен өзүн-өзү жарыялаган “Донецк Элдик Республикасынын” башчысы Денис Пушилиндин видеокайрылуусу таратылып, кийинчерээк “Луганск Элдик Республикасынын" жетекчиси Леонид Пасечниктин тиешелүү жарлыгы коомчулукка жарыяланды.

Пушилин жикчилдердин аймагында жашаган жана “курал кармаганга жөндөмдүү” бардык эркектерди “өз үй-бүлөсүн, Донбассты жана бүт орус элин” коргоого чакырды. Ишемби күнү эртең менен "ДЭР" депутаттары чукул жыйынга чогулуп, мобилизациялоо боюнча резолюция кабыл алышканын Донецк маалымат агенттиги билдирди.

Пушилиндин айтымында, азыр Донбасстын аймактарын "Украина тарабынан масштабдуу аткылоо" жүрүп жатат. "Алар бизге карай миномёт гранатомет, танкка каршы ракеталык комплекстер, оор пулемёт, замбирек артиллериясы, танктардан ок атышты. Элдик милиция душманды жооп кайтаруу менен кармап турат", — деди Пушилин.

Анын алдында жикчилдер элди Орусиянын аймагына чыгарып жатканын жарыялашкан. Президент Владимир Путин ар бир качкынга 10 миң рублдан берүүнү буйруган.

Мобилизация жана эвакуациялоо Донбасстагы кырдаал кескин курчуган учурда жүрүп жатат. ЕККУнун Украинадагы атайын мониторинг миссиясынын байкоочулары 17-февралда өздөрүн-өздөрү жарыялаган "ДЭР" жана "ЛЭР" аймактарында ок атышпоо режимин бузган 870 учурду каттаган. Бул тууралуу аталган уюмдун сайтында маалымдалды.

"ДЭРде" ок атышууну токтотуу режимин бузган 222 учур катталган, анын ичинде 135 жардыруу, "ЛЭРде" 648 ок атууну токтотуу режимин бузуу, анын ичинде 519 жардыруу болгон.

Бул үчүн жикчилдер менен украин армиясы бири-бирин айыптоодо. Жикчилдер украин аскерлери алардын турумдарына чабуул коюуга даярданып жатканын айтса, Киев аны кескин четке кагууда.

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG