Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:29

НАТОнун баш катчысы Орусияны согушка даярдыкты токтотууга чакырды


Йенс Столтенберг.
Йенс Столтенберг.

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Орусияны "согушка даярданууну токтотууга" жана Украина менен чек арада жаралган кризисти дипломатиялык жол менен чечүүгө чакырды.

Столтенберг бул тууралуу 19-февралда, жыл сайын өтүүчү Мюнхен коопсуздук конференциясында АКШ президенти Жо Байден Орусиянын президенти Владимир Путин Украинаны басып алуу чечимин кабыл алганына "ынанарын" айткандан бир күндөн кийин билдирүү жасады.

Столтенберг Бавария шаарында чогулгандарга Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавровго Украинадагы жаңжалды болтурбоо үчүн НАТО-Орусия кеңешинин алкагында диалог жүргүзүү үчүн кат жөнөткөнүн белгиледи.

Столтенберг Мюнхен коопсуздук конференциясында Орусиянын Украинанын чек арасынан чыгып кеткени байкалбаганын жана жаңжал чыгуу коркунучу реалдуу экенин айтты.

Украинанын чыгышындагы орусиялык жикчилдер көзөмөлдөгөн аймакта абал курчуду. Жикчилдер менен украин армиясы ок атышпоо режимин бузганы үчүн бири-бирин айыптоодо.

Буга чейин Украинанын Донецк жана Луганск облустарындагы жикчил республикалардын башчылары эвакуация жарыялашкан.

Донбасста орусиячыл жикчилдердин башчылары алар көзөмөлдөгөн аймактарда жалпы мобилизация жарыялап, 18 жаштан 55 жашка чейинки эркектердин сыртка чыгышына тыюу салды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG