Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:13

Украина өзүн өнөктөштөрү менен да, аларсыз да коргой турганын билдирди


Владимир Зеленский Мюнхен конференциясында.
Владимир Зеленский Мюнхен конференциясында.

Украинанын президенти Владимир Зеленский 19-февралда Батыш лидерлеринин Орусияны абалды чыңалтууну токтотууга үндөгөн чакырыктарына кошула турганын билдирди. Германиянын Мюнхен шаарында өткөн коопсуздук боюнча жыйында ал Украина өз жерин өнөктөштөрү менен да, аларсыз да коргой турганын айтты.

Анын алдында Зеленский АКШнын вице-президенти Камала Харрис менен жолукканда ал Орусиянын Украинага кандай гана кол салуусу болбосун, жооп катары НАТОнун чыгыш тарабы бекемделерин жана Москва болуп көрбөгөндөй чыгымга учурай турганын билдирген.

“Биз экономикалык чаралар менен гана токтоп калбайбыз. НАТО боюнча чыгыш тараптагы союздаштарыбызды күчтөндүрөбүз”, - деди Харрис.

Орусия ушу тапта Украина менен чек ара тилкесинде кеминде 150 миңдей аскер кызматкерин топтоп турат. Украинанын чыгышында, өзүлөрүн республика деп атап алган Донецк жана Луганск облустарындагы Орусия колдогон жикчилердин көзөмөлүндөгү аймакта соңку күндөрү абал курчуду. Киев жикчилерди украин тарапка ок атып жатат деп күнөөлөөдө. Орусия тескерисинче "украин тарап аталган аймакта чагым даярдап жатат" деп Киевди айыптоодо. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG