Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:09

ЕАЭБ алкагында «Евразия агроэкспресси» долбоору талкууланууда


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттер айыл чарба продукциясын темир жол аркылуу контейнер менен тез мөөнөттө жөнөтүп туруу боюнча биргелешкен долбоорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн талкуулап жатышат. Бул маселе 19-февралда Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕАЭК) Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошевдин төрагалыгы менен видеоконференция режиминде өткөн жыйынында көтөрүлдү.

Кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматынын маалыматына караганда, жалпысынан жыйында 27 маселе каралды, арасында уюмдун интеграцияланган маалымат системасын өнүктүрүү, уюм ичинде жарандардын COVID-19га каршы эмдөөдөн өткөнү тууралуу сертификатын таануу маселелери бар.

Жыйынтыгында жыл сайын 29-майда ЕАЭБ күнүн белгилеп туруу жөнүндөгү чечим жактырылып, уюмдун өкмөт башчыларынын быйыл 24-25-февралда Казакстандын борбору Нур-Султан шаарында өтө турган жолугушуусунун күн тартиби бекитилди.

2021-жылдын күзүндө Орусия менен Өзбекстан Ташкент–Москва «Агроэкспресс» поездин ачууну көздөп жатканын маалымдашкан. Бул долбоорго Казакстан да кошулары, Өзбекстандын айыл чарба продукциясы адегенде Казакстанга, андан кийин Орусияга жөнөтүлүп турары айтылган. Кийин долбоорго катышуу ниетин Кыргызстан да билдирип, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Орусиянын «Коммерсантъ» басылмасына курган маегинде өлкө «Агроэкспресстин» мүмкүнчүлүктөрүн колдонгусу келерин айткан.

2022-жылы ЕАЭБдин уюмдарында төрагалык кылуу кезеги Кыргызстанга тийген.

ЕАЭБге Кыргызстандан тышкары Армения, Беларус, Казакстан жана Орусия мүчө. Бул уюм ортодогу бажы тоскоолдуктарын жоюу, элди жана товарларды эркин өткөрүү максатында уюшулган. Бирок ортодогу экономикалык тоскоолдуктар жоюлбай, ишкерлер өндүргөн продукциясын уюмдун ичиндеги өлкөлөргө жеткирүүдө кыйынчылыкка дуушар болуп келатканын айтып жүрүшөт. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG