Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:30

Кыргыз-тажик чек арасында аксакалдардын ынтымак жолугушуусу өттү


Ынтымак жолугушуусунун катышуучулары.
Ынтымак жолугушуусунун катышуучулары.

Кыргызстандын жана Тажикстандын чектеш аймагында жашаган элдин аксакалдары ынтымак жолугушуусун өткөрүштү. Жолугушуу 19-февралда өткөнүн “Азаттык” радиосуна Лейлектин акими Алмазбек Рахманкулов айтып берди:

“Ынтымак жолугушуусу болду. Лейлектин чек аралаш айылдарынан 40ка жакын аксакал, Тажикстандын Гафуров районунан аксакалдар келди. Жалпысынан 100дөй адам болду. Ынтымак чайын ичип, аралашып отурушту. Көпчүлүгү бирин бири тааныйт экен”.

Ортодо Лейлектин акими Алмазбек Рахманкулов жана Гафуров районунун башчысы Зафарбек Давлатзода.
Ортодо Лейлектин акими Алмазбек Рахманкулов жана Гафуров районунун башчысы Зафарбек Давлатзода.

Кыргызстандын Борбордук айылы менен Тажикстандын Хистеварз айылдары чектешкен жерде уюштурулшан жолугушууга Лейлектин акими Алмазбек Рахманкулов жана Тажикстандын Гафуров районунун башчысы Зафарбек Давлатзода катышты.

Тажикстан менен чек ара сүйлөшүүлөрү 2002-жылы башталган, ортодогу чек ара сызыгынын 60 пайызга жакыны такталган.

2021-жылдын жазында Баткенде, кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта 36 кыргызстандык курман болгон, үйлөр, социалдык объектилер жарактан чыккан. Тажикстан 19 жараны каза болгонун билдирген. Эки өлкө бирин бири айыптап, кылмыш иштерин козгошкон.

Кийин сүйлөшүүлөр уланып, эки тараптуу жыйындарды пландуу негизде өткөрүп туруу макулдашылган.

Быйыл 27-январда Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында кайрадан чыр чыгып, ок атышууга чейин жеткен. Кыргызстандан жалпысынан 12 жаран жараат алса, тажик тарап эки жараны набыт болуп, дагы 10 адам жараат алганын билдирген. Бул жолу да тараптар бири-бирин айыптаган билдирүүлөрдү жасаган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG