Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 19:45

Германия Иранды өзөктүк макулдашуу боюнча сүйлөшүүлөргө тоскоолдук жаратпоого чакырды


Олаф Шольц.
Олаф Шольц.

Германиянын канцлери Олаф Шольц Иран өкмөтүн 2015-жылдагы өзөктүк макулдашуу боюнча сүйлөшүүлөргө тоскоолдук жаратпоого чакырды. 19-февралда Мюнхенде коопсуздук боюнча конференцияда сүйлөп жатып ал “Иран бийлиги чечим кабыл алуу үчүн чечүүчү учур келди” деп айтты.

Шольц он ай мурда өткөн сүйлөшүүлөрдөн бери аныкталган “элементтер стол үстүндө даяр турганын” белгилеп, Иран уранды байытуусуyн Бириккен Улуттар Уюмунун ядролук агенттигинин көзөмөлүсүз уланта турган болсо мындай жагдай дүйнөлүк державалар үчүн “кабыл алгыс” болорун айтты.

Санкцияларды алып таштоо үчүн келишим түзүү мүмкүнчүлүгү түзүлүп турганын айткан Шольц эгер муну тез арада жасабаса сүйлөшүүлөр майнапсыз аяктарын белгиледи.

2015-жылы Иран менен алты мамлекет (Кытай, Орусия, Германия, Франция, АКШ жана Британия) жетишкен макулдашуу боюнча Тегеран өзүнүн өзөктүк программасын чектемек, бул үчүн ага карата киргизилген санкциялар акырындык менен алынмак. 2018-жылы АКШ келишимден чыгып кетип, жазалоочу чаралар кайрадан киргизиле баштаган. Иран анын артынан өз милдеттемелерин аткаруудан баш тарткан. (RK)

XS
SM
MD
LG