Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 10:23

COVID-19: Бир күндө 35 бейтап катталды, эки адам каза болду


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Саламаттык сактоо министрлигинин бүгүнкү, 20-февралдагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда бул инфекциядан эки адам каза болду.

Жалпысынан өлкөдө коронавирустан көз жумгандардын расмий саны 2944 адамга жетти.

Соңку бир күн ичинде вирус менен дагы 35 адам катталды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында (19 адам).

Өлкөдө коронавирус жуккандардын расмий катталган саны 200 миңден ашты.

Кыргызстанда COVID-19дун төртүнчү толкуну башталганы 12-январда расмий айтылган. 19-январда катталгандар 870ке жеткен. Андан бери көрсөткүч төмөндөөдө.

Адистер расмий статистика чыныгы абалды чагылдырбай жатканын, ооругандар да, каза болгондор да андан көбүрөөк экенин айтып келишет. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG