Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:10

Депутат таштанды полигонуна алынган насыянын төлөнүшүнө кызыкты   


Бишкектин таштанды жайы. Архив.
Бишкектин таштанды жайы. Архив.

Жогорку Кеңештин депутаты Алишер Козуев эч нерсе курулбаган Бишкек санитардык полигонунда завод үчүн алынган насыя канча пайыз менен төлөнүп жатканына кызыкты. Козуев мындай маселени парламенттин Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында көтөрдү.

Жыйынга катышып жаткан Бишкектин вице-мэри Максатбек Сазыкулов мындай жооп берди.

“2017-жылдан баштап 0,5% жылдык менен кетип жатсе керек. Финансы министрлигинин маалыматы боюнча ошондой. Аны мэрия төлөйт”, - деди Сазыкулов.

Эл өкүлү вице-мэрди насыя боюнча так жооп бере албаганы үчүн сындады.

Сазыкуловдун айтымында, Бишкек санитардык полигонунда таштанды иргөөчү заводдун курулушу жакында башталат.

Буга чейин борбор калаанын түндүк тарабындагы таштанды төгүлүүчү жайды жөнгө салуу үчүн Европа өнүктүрүү банкынан 22 млн. евро бөлүнөөрү кабарланган. Таштанды полигонун жөнгө салуу үчүн эстониялык Ehitusfirma Rand Ja Tuulberg AS компаниясы утуп алганы айтылган. Европа өнүктүрүү банкынан алынган каражаттын жарымы насыя түрүндө берилет.

Мэр Айбек Жунушалиев борбор калаанын түндүк тарабындагы таштанды төгүлүүчү жайды жөнгө салуу үчүн Европа өнүктүрүү банкынан бөлүнө турган 22 млн. евронун 10,5 миллиону коротулганын, бирок эч кандай иш жасалбаганын айткан.

Бишкек шаарына караштуу Санитардык полигон ишканасынын көзөмөлүндөгү шаардык таштанды талаасы учурда оор абалда. Техниканын жетишсиздигинен улам убагында түртүлбөй, сорттолбогон таштандылар белгиленген аймактан чыгып кеткен. Бишкектеги шаардык таштанды жайы 1978-жылдан бери иштеп жаткан. Учурунда 400 миң кишиге эсептелген. Учурда Бишкек шаарында миллиондон ашык киши жашайт. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG