Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:27

Зеленский Орусиянын аракетин Украинанын суверенитетин бузуу катары баалады


Владимир Зеленский.
Владимир Зеленский.

Украинанын президенти Владимир Зеленский 22-февралга караган түнү видео кайрылуу жасап, өлкөнүн чыгыш аймагындагы Донецк жана Луганск аймактарын Орусиянын өз алдынча мамлекет катары таануусун кескин айыптады. Ал муну менен Москва ал жерде 2014-жылдан бери жүргөн өз аскерлерин легалдаштырды деп билдирди.

“Сөз жок, Украина Орусиянын бул аракеттерин биздин мамлекеттин суверенитетин жана аймактык бүтүндүгүн бузуу катары кабылдайт. Бул чечимге байланыштуу кесепеттердин бардыгына эми Орусиянын саясий жетекчилиги гана жоопкер болот”,-деди ал.

Зеленский Орусиянын аракеттерин Минск келишиминен чыгуу деп атап, бул чечимге байланыштуу БУУнун Коопсуздук кеңешинин, ЕККУнун отурумдарын жана “норманд төртилтигинин” чукул саммитин чакырууну демилгеледи.

Владимир Зеленский Франциянын президенти Эммануэл Макрон, Германиянын канцлери Олаф Шольц, АКШнын президенти Жо Байден, Британиянын премьер-министри Борис Жонсон жана Европа кеңешинин жетекчиси Шарл Мишел менен телефондон сүйлөшкөнүн айтты. Ал Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган менен да байланышарын кошумчалады.

21-февралда Орусиянын президенти Владимир Путин Украинанын чыгышындагы жикчилдердин “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасы” түзүлүштөрүн көз карандысыз мамлекет катары тааный турганын жарыялаган. Алардын лидерлери менен кызматташуу келишимине кол койгон. Батыш өлкөлөрү жана НАТО, Евробиримдик муну айыптаган.

Кремлдин соңку чечими Донбасста кырдаал курчуган маалда ишке ашты. Өз кезегинде Орусия Украинанын тегерегине 150 миңдей аскерин жыйнаган. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG