Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:06

Таласта "Атлах" музей коругунун долбоорун түзүүгө сынак жарыяланды


Таласта "Атлах" салгылашуусуна арналган монумент былтыр май айында ачылган.
Таласта "Атлах" салгылашуусуна арналган монумент былтыр май айында ачылган.

Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Талас облусундагы "Атлах" мамлекеттик тарыхый-маданий музей коругунун долбоорун түзүү боюнча ачык сынак жарыялады. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы маалымдады.

Сынактын максаты долбоорду иштеп чыгуу менен тарыхый-маданий мурас объектилеринин сакталышын, корголушун жана натыйжалуу пайдаланылышын камсыздоо боюнча оригиналдуу идеяларды издөөнү көздөйт.

Долбоорду түзүү үчүн сынакка кесипкөй жана көз карандысыз скульпторлор, дизайнерлер, сүрөтчүлөр, архитекторлор, тарыхчылар, археологдор жана искусство таануучулардын катышуусуна уруксат берилет. Сынакка орто жана жогорку окуу жайларынын студенттери катыша алат.

Арыздар 22-февралдан 22-мартка чейин кабыл алат. Анын байге фонду 50 миң сомду түзөт.

2021-жылы 27-майда Талас облусунун Манас районундагы Чоң-Капка айылында "Атлах" салгылашуусуна арналган монумент KOICA уюмунун каржылык колдоосу менен ачылган.

Сөз болуп жаткан уруш 751-жылы Талас дарыясына жакын Атлах шаарынын жанында өткөн. Ал дүйнөлүк 10 чоң салгылашуулардын бирине кирет. Анда Кытайдын Тан династиясы менен Араб халифатынын аскерлери кагылышкан. Жыйынтыгында Тан династиясы жеңилип, Араб халифаты жеңген.

Борбор Азияда ислам дининин жайылышына дал ушул салгылашуунун орду чоң экени айтылат. (MKt)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG