Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:49

УКМК адам уурдоого шектелген кылмыштуу топтун мүчөсүн кармады


УКМК тараткан шектүүнүн сүрөтү.
УКМК тараткан шектүүнүн сүрөтү.

Бишкекте адам уурдоо жана опузалап акча талап кылууга шектелген кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кабарлады.

Маалыматка ылайык, кылмыштуу топтун мүчөсү жаранды күч колдонуп Бишкектен Байтик айылына алып чыгып, Ош базарындагы соода түйүнүн сатууну талап кылып, ур-токмокко алганы жөнүндө арыз түшкөн.

Факт боюнча Жазык кодексинин (эски редакциясы) 203-беренеси, (“Опузалап талап кылуу”) 170-беренеси (“Киши уурдоо”) боюнча сотко чейинки териштирүү башталган. Тергөөнүн материалдарына ылайык, мурда издөөдө жүргөн Бишкек шаарынын 31 жаштагы тургуну кармалды. Шектүү Жаза аткаруу кызматынын №1-тергөө абагына киргизилип, тергөө башталды. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG