Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Июнь, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:48

Байден Орусиянын жикчилдерге байланыштуу чечимдерин айыптады

Жо Байден.
Жо Байден.

АКШнын президенти Жо Байден Украинадагы кырдаалга байланыштуу жаңы билдирүү жасап, Орусиянын Донбасстагы жикчил “республикаларды” таануу аракетин кескин айыптады. Ал муну орус аскерлеринин коңшу өлкөнүн аймагына бастырып кирүүсү катары баалады.

22-февралдагы билдирүүсүндө Байден Путиндин жетекчилиги менен Орусия дагы башка украин аймактарын басып алууну көздөп жатканын айтты.

Кошмо Штаттардын башчысы Москвага 2014-жылы Крымды аннексиялап алганда салынган санкциялардан да катаал чаралар кабыл алынарын эскертти. Бул ирет санкция Путиндин айланасындагыларга, орус элитасынын үй-бүлөлөрүнө салынарын билдирди. Байдендин сөзүнөн кийин эле АКШнын Финансы министрлиги "кара тизмеге" кирген орус жарандарынын тизмесин жарыялады.

21-февралда Путин Украинанын чыгышындагы жикчилдердин “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасы” түзүлүштөрүн көз карандысыз мамлекет катары тааный турганын жарыялаган. Алардын лидерлери менен кызматташуу келишимине кол койгон. Бул чечимди Мамдума 22-февралда ратификациялап берди.

Украина президенти Владимир Зеленский Орусиянын аракетин өз өлкөсүнүн суверенитетин бузуу катары баалады. Украин парламенти башка өлкөлөргө кайрылып, жикчилдер ээлеп турган Украинага караштуу аймактарды Орусиянын артынан тааныбоого чакырды. Батыш өлкөлөрү жана НАТО, Евробиримдик да Москванын кадамын кескин айыптады.

Кремлдин соңку чечими Донбасста кырдаал курчуган маалда ишке ашты. Өз кезегинде Орусия Украинанын тегерегине 150 миңдей аскерин жыйнаган.

Украинанын чыгышындагы согуштук аракеттерден кийин ошол аймактагы орусиячыл жикчилдер 2014-жылдын апрель айында эки облустун аталышын “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасы” деп жарыялашкан. Москва Украинага карата агрессияны жана жикчилдерди колдогонун төгүндөп келет. Эки аймакты тең бир да өлкө мамлекет катары тааныган эмес, алар экөө биригип Донбасс деп аталат. (ErN)

XS
SM
MD
LG