Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 13:52

СOVID-19: бир бейтап каза болду, оору 20 адамдан аныкталды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Саламаттык сактоо министрлиги коронавирустан каза болгон бейтап вакцина албаганын билдирди.

23-февралга карата өлкөдө ооругандардын жалпы расмий саны 200 миң 388ге жетти жана 2948 адам каза болду.

Ушул тушта ооруканаларда 207 бейтап жатат жана алардын теңине жакынынын абал оор. Үйлөрүндө миңден ашык адам дарыланууда.

Министрлер кабинети 22-февралда коронавирус пандемиясына байланыштуу 2020-жылдын 22-мартында жарыяланган өзгөчө кырдаал режими дагы деле күчүндө экенин билдирген. Өкмөт мындай режим жоюлганы тууралуу маалыматтарды четке каккан.

Кыргызстанда коронавирустун "омикрон" штаммы өткөн айда катталган жана оору жуктургандардын саны көбөйүп жатканына байланыштуу Бишкек шаары "кызыл зонага" кирген.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG