Украина менен Орусиянын ортосундагы чыңалууга байланыштуу расмий Киев украиналыктарды орус жергесинен тез арада чыгып кетүүгө чакырды. Бул тууралуу чакырык Украинанын Тышкы иштер министрлигинин сайтында жарыяланды.
Украин бийлиги Орусия менен дипломатиялык мамилелерди толук үзүп, чек арасын жабышы мүмкүндүгүн билдирүүдө. Бул боюнча мыйзам долбоору Жогорку Радага киргизилди.
Өз кезегинде Орусия Украинанын Киев шаарындагы элчилигинин, Одесса, Львов, Харьков шаарларындагы консулдуктарынын кызматкерлерин алып чыгып кетип жатканын кабарлады. Орус Тышкы иштер министрлиги элчиликтер менен консулдуктарга 2014-жылдан бери бир нече жолу кол салуу болгонун, дипломаттар коркутууларга кабылып келгенин маалымдады.
21-февралда Путин Украинанын чыгышындагы жикчилдердин “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасы” түзүлүштөрүн көз карандысыз мамлекет катары тааный турганын жарыялаган. Алардын лидерлери менен кызматташуу келишимине кол койгон. Чечимди Мамдума 22-февралда ратификациялады, ошол эле күнү Федералдык кеңеш орус аскерлерин Донбасста колдонууга уруксат берди.
Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусиянын аракетин өз өлкөсүнүн суверенитетин бузуу катары баалады. Украин парламенти башка өлкөлөргө кайрылып, жикчилдер ээлеп турган Украинага караштуу аймактарды Орусиянын артынан тааныбоого чакырды. Батыш өлкөлөрү жана НАТО, Евробиримдик да Москванын кадамын кескин айыптады.
Кремлдин соңку чечими Донбасста кырдаал курчуган маалда кабыл алынды. Өз кезегинде Орусия Украинанын тегерегине 150 миңдей аскерин жыйнаган.
2014-жылы Орусия Украинага караштуу Крым жарым аралын аннексиялап алган. Ошол эле жылы Украинанын чыгышындагы Донецк жана Луганск облустарындагы Москвага таянган жикчилдер “Референдум” делген добуш берүү өткөрүп, өздөрүн-өздөрү “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасы” деп жарыялашкан. Москва Украинага карата агрессияны жана жикчилдерди колдогонун төгүндөп келген. Эки аймакты тең Орусиядан башка эч ким мамлекет катары тааныган эмес, алар экөө биригип Донбасс деп аталат. (ErN)