Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:38

Казак чек арачылары кармап кеткен студентке сот өкүмү чыкты


Кыргызстандын жана Казакстандын мамлекеттик туусу.
Кыргызстандын жана Казакстандын мамлекеттик туусу.

Кыргыз-казак чек арасынан казак чек арачылары кармап кеткен кыргызстандык студент Сыймык Өмүрбек уулуна Казакстанга беш жылга кирүүгө тыюу салынган жаза берилди. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) кабарлады.

ТИМ тараткан маалыматка ылайык, 23-февралда Алматы облусундагы Райымбек райондук сотунда кыргыз жараны Сыймык Өмүрбек уулунун соту өттү. Сот Өмүрбек уулуна айыппул жана Казакстандын аймагына беш жылга кирүүгө тыюу салган чечим чыгарды. ТИМ учурда ал сот залынан бошотулуп, жакында Кыргызстанга алып келинерин билдирди.

22 жаштагы Сыймык Өмүрбек уулу 10-январда кармалган. Апасы Чынара Тамаева окуя Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Каркыра жайлоосунда болгонун, уулу мал издеп жүрүп коңшу өлкөнүн чек арасына кокусунан өтүп кеткенин айтып, президент Садыр Жапаровдон жардам сураган. Анын маселеси парламентте да эки жолу көтөрүлгөн.

Жогорку Кеңеш 2002-жылы Үзөңгү-Кууш тилкесин Кытайга, ал эми 2008-жылы Каркыра жайлоосунун бир бөлүгүн Казакстанга өткөрүп берүү тууралуу келишимдерди ратификациялаган жана бул коомчулукта чоң талкуу, нааразылык жараткан. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG