Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:55

"Ак-Тилек” өткөрмө бекетиндеги жүк ташыган машинелердин кезеги жоюла элек


Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Тилек" көзөмөл өткөрүү жайына жакын жолдо турган машиналар. 23-февраль, 2022-жыл.
Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Тилек" көзөмөл өткөрүү жайына жакын жолдо турган машиналар. 23-февраль, 2022-жыл.

Кыргызстандын “Ак-Тилек” көзөмөл өткөрүү жайынын башчысы Муктарбек Мамбетакунов чек арадагы жүк ташуучу автоунаалардын кезеги жоюла электигин билдирди. Анын айтымында, мурдагыга салыштырмалуу жүк ташуучу машинелердин көбөйгөндүгүнө байланыштуу тыгын пайда болду. Учурда 200дөй машине турат.

“Азыркы учурда көзөмөл өткөрүү жайында Кыргызстан тараптан тыгын пайда болду. Биз кадимки шартта иштеп жатабыз. Мурда канча машине өтүп жатса, азыр деле ошондой өтүп жатат. Кандайдыр бир атайын өзгөртүүлөр киргизилген жок. Кошуналар тарапта деле ошондой иш болуп жатат. Алар да кадимки шартта иштеп жатышат. Саатына белгиленген жүк мурдагыдай эле өтүп жатат. Биздин аймакта ушу тапта 180ден ашык машине кезек күтүп турат. Болгону бизде азыр жүк ташуучу унаалардын саны көбөйгөнү үчүн ушундай тыгын пайда болду. ”

22-февралда Кыргызстандын Улуттук коопсуздук комитетине караштуу Чек ара кызматы кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Тилек" өткөрмө бекетинде 180ден ашык жүк ташыган машине кезекте турганын билдирген. Анда Чек ара кызматы 60тай машина жүккө байланыштуу тиешелүү документтерди күтүп жатканын билдирген.

Жогорку Кеңеште соңку кездери кыргыз-казак чек арасынан жүк ташыган машинелердин өткөрүлбөй жатканына байланыштуу маселе бир канча жолу көтөрүлгөн. Кыргыз өкмөтүнүн өкүлдөрү жагдай тууралуу тараптар сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатканын, анын жыйынтыгы чыга электигин билдиришкен.

Эки өлкөнүн чек арасында жалпы жети өткөрмө бекети бар. Казакстандагы январь айындагы окуялардан кийин ал бекеттер ар кандай чектөөлөр менен иштеп жаткан.

Кыргызстанда жүргөн казак жарандары “Ак-Жол”, “Ак-Тилек”, “Каркыра”, өткөрмө жайлары аркылуу чыкса болот. Ал эми Казакстандын аймагындагы кыргызстандыктар Чүй облусундагы "Чалдыбар" жана Таластагы "Чоң-Капка" өткөрмө бекеттери аркылуу гана кире алышат. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG