Төрт турак жай кооперативи Улуттук банктын алардын ишмердигинде каржылык пирамиданын белгилери бар деген билдирүүсүнө жооп кайтарды. Электрондук почта аркылуу таратылган билдирүүдө “Ихсан”, “АИС “Хоум”, Best Way жана “Келечек” турак жай кооперативдеринин аттары жазылган.
Анда “жарандар банк системасындагы жана мамлекеттик турак жай программаларынан ипотекалык насыяларды ала албагандан улам турак жай кооперативдерине биригип жатышканы” айтылат.
Билдирүү ээлери “мамлекет кооперативдер кыймылын колдоонун ордуна Улуттук банк аркылуу аларды “каржылык пирамидаларды” уюштурууга айыптап жатканын, бул социалдык чыңалууну күчөтөөрүн жана жарандарды өзүнө каршы коёрун” белгилешкен. Ошондой эле, Улуттук банкты жана башка ыйгарым укуктуу органдарды социалдык көйгөйлөргө көңүл бурууга жана кооперативдерге мамлекеттик колдоо көрсөтүүгө чакырган.
18-февралда Улуттук банк жарандарга турак жай кооперативи сыяктуу күмөндүү уюмдар активдешкенин эскерткен. Мекеме мында каржылык пирамиданын белгилери бар экенин айтып, жарандарды этият болууга, бардык документтерди дыкат текшерип, мамлекеттик органдардагы маалыматтар менен салыштырууга, жасалма эместигин аныктоого чакырган.
Улуттук банктын өкүлү буга чейин “Азаттыкка” берген маегинде “кандайдыр бир депозит салып, анан турак жайга же ири көлөмдөгү мүлк сатып алууга көп убакытка насыя берген же ыңгайлуу шарттар менен бурмалаган болсо, анда бул каржылык пирамидалары болушу мүмкүн” экендигин билдирген.
Азыркы учурда Кыргызстанда иштеп жаткан турак жай кооперативдеринин расмий саны белгисиз. Кооперативдер бирлигинин маалыматы боюнча алардын саны жетимиштин тегерегинде деп эсептелет.
Турак жай кооперативдердин маалыматына ылайык Кыргызстанда 20 миңге жакын адам аларга мүчө болуп кирип, анын 10 миңге чукулу топтолгон үлүштүк фонддордун эсебинен турак жай сатып алышкан. (KbA)