Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:25

Таласта прокуратура кызматкерлерине үй берилди


Талас.
Талас.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев Талас шаарында облустук прокуратуранын кызматкерлерине 32 батирдин ачкычын тапшырды.

Зулушев прокурорлорду жаңы конушу менен куттуктап, алар мыйзам үстөмдүгүн камсыз кылуу боюнча өзүнүн конституциялык милдеттерин кынтыксыз аткарууга тийиш экенин белгиледи.

Курулуш иштерине мамлекеттик бюджеттен 20,5 миллион сом жумшалган. Учурда Талас шаарында облустук прокуратуранын кеңсеси да курулуп жатат.

Соңку жылдары бул органдын кызматкерлерине нааразылыктар айтылып келет. Арасында коррупцияга шектелип кармалгандары да бар. Бул үчүн баш прокурор Зулушев президенттен кечирим сурап, коррупцияга аралашкан кызматкерлерден тазалануу ишине өзгөчө көңүл буруларын билдирген. (MKt)

XS
SM
MD
LG