Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:15

Батыш өлкөлөрү Орусиянын Украинага кол салышын айыптады


Жо Байден.
Жо Байден.

Батыш өлкөлөрү Орусиянын Украинага карата аскердик операцияларын кескин айыптап, ага жооп чараларды даярдап жатканын билдиришти.

АКШнын президенти Жо Байден атайын билдирүү жасап, Москванын аракеттерин негизсиз чабуул деп атады.

“Президент Путин өтө көп адамдык курамандыктарга жана азаптарга алып келе турган согуштук жолду тандап алды. Анын баарына эми Орусия гана жоопкерчилик алат жана АКШ менен анын өнөктөштөрү бирдиктүү жана чечкиндүү жооп беришет. Дүйнө Орусияны жоопкерчиликке тартат”,-деди Кошмо Штаттардын президенти.

Жо Байдендин сөзүнө караганда Вашингтон жана анын өнөктөштөрү Орусияга каршы санкцияларды кабыл алат. Ошондой эле Түндүк Атлантикалык альянска болчу коркунучту алдын алуу үчүн бирдиктүү жооп чара болот. Ал кандай чаралар экени азырынча айтыла элек.

АКШнын президенти мунун алдында Украинанын президенти Владимир Зеленский менен телефондон сүйлөшкөнүн, аларга жардам колун сунууга даяр экендиктерин кабарлады.

Евробиримдиктин өлкөлөрүнүн лидерлери бир нече сааттан кийин жолугуп, орус агрессиясына жооп берүүнү талкуулашары расмий айтылды. ЕБдин тышкы иштер мекемесинин жетекчиси Жозеп Боррел Евробиримдик Орусияга өтө катаал санкциялар пакетин саларын маалымдады. Ушундай эле катаал санкциялар маселесин британ премьер-министри Борис Жонсон да билдирди.

Орусиянын президенти Владимир Путин 24-февралда таң эрте билдирүү жасап, Донбасста атайын аскердик операция баштоо тууралуу чечим кабыл алганын билдирди. Ал украин жоокерлерин куралдарын тапшырып, үйлөрүнө кайтууга чакырды. Мунун алдында Украинанын чыгышындагы жикчилдердин “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасы” түзүлүштөрүнүн башчылары аталган аймакка аскер киргизүү өтүнүчү менен Путинге кайрылышкан.

21-февралда Путин Украинанын чыгышындагы жикчилдердин “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасы” түзүлүштөрүн көз карандысыз мамлекет катары тааный турганын жарыялаган. Алардын лидерлери менен кызматташуу келишимине кол койгон. Бул чечимди Мамдума 22-февралда ратификациялап берген.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусиянын аракетин өз өлкөсүнүн суверенитетин бузуу катары баалады. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG