Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 12:37

Зеленский батыш лидерлерин Путинге каршы коалиция түзүүгө чакырды


Владимир Зеленский.
Владимир Зеленский.

Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусиянын Украинага кол салуусуна байланыштуу дүйнөлүк лидерлерди Путинге каршы коалиция түзүүгө чакырды. Бул тууралуу ал Твиттердеги баракчасына жазып, АКШ президенти Жо Байденге, Германиянын канцлери Олаф Шольцко, Британиянын премьер-министри Борис Жонсонго, Польшанын президенти Анжей Дудага жана башка батыш өлкөлөрүнүн лидерлерине кайрылды.

“Путинди Украинага каршы, дүйнөгө каршы согушту дароо токтотууга чакырам. Путинге каршы коалиция түзөлү. Чукул санкцияларды салгыла, Украинаны коргоо жана финансылык колдогула. Аба мейкиндигин жапкыла. Дүйнө Орусияны тынчтыкка келүүгө мажбурлашы керек”, - деп жазды Зеленский.

Мунун алдында АКШнын президенти Жо Байден атайын билдирүү жасап, Москванын аракеттерин негизсиз чабуул деп атаган. Ал буга “АКШ менен анын өнөктөштөрү бирдиктүү жана чечкиндүү жооп беришерин” айтты.

Евробиримдиктин өлкөлөрүнүн лидерлери бир нече сааттан кийин жолугуп, орус агрессиясына жооп берүүнү талкуулашары расмий айтылды. ЕБдин тышкы иштер мекемесинин жетекчиси Жозеп Боррел Евробиримдик Орусияга өтө катаал санкциялар пакетин саларын маалымдады. Ушундай эле катаал санкциялар маселесин британ премьер-министри Борис Жонсон да билдирди. НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг “Орусия акылга сыйгыс жана чагым жасалбаса да согуш баштаганын” айыптады.

Орусиянын президенти Владимир Путин 24-февралда таң эрте билдирүү жасап, Донбасста атайын аскердик операция баштоо тууралуу чечим кабыл алганын билдирди. Ал украин жоокерлерин куралдарын тапшырып, үйлөрүнө кайтууга чакырды. Таңкы саат бештерде орус аскерлери Украинага чабуул жасашты.

Ушул тушта Украинанын борбору Киев баштаган шаарларда, Краматорск, Харьков, Донецк жана башка облустарда, жана чек арадагы аймактарда жардыруу, аткылоо тууралуу маалыматтар тарап жатат. Украинанын Ички иштер министрлиги аскердик башкармалыктарга, аэродромдорго, аскердик кампаларга жана чек ара пункттарына ракеталык октор атылганын ырастады. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG