Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:21

Активисттер Орусиянын Бишкектеги элчилигинин алдына нааразылык акцияга чыгышты


Бишкек шаарындагы Орусия элчилигинин имараты. 24-февраль, 2022-жыл.
Бишкек шаарындагы Орусия элчилигинин имараты. 24-февраль, 2022-жыл.

Орусиянын Бишкектеги элчилигинин алдында Улан Үсөйүн баштаган бир нече жарандык активист Украинаны колдогон акция өткөрүүдө. Алар колдоруна “Украинага даңк!”, “Тынчтык керек!”, “Согушка жол жок!” деген жазууларды кармап турушат.

Азырынча элчиликтен аларга эч ким чыккан жок.

Ушундай эле акция элчиликтин алдында бүгүн түшкө чейин да өткөн.

Орусиянын президенти Владимир Путин 24-февралда таң эрте билдирүү жасап, Донбасста атайын аскердик операция баштоо тууралуу чечим кабыл алганын билдирди.

Ушул эле күнү Украинанын президенти Владимир Зеленский өлкөгө аскердик режим киргизди. Ал Орусияны өлкөнүн аскердик жана чек арадагы объектилерине чабуул жасаганы үчүн айыптады. Киев Москва менен дипломатиялык мамилесин үзгөнүн жарыялады.

Өз билдирүүсүндө Зеленский Орусиянын аракетин Германиянын СССРге кол салышы менен салыштырып, мындай өлкө менен карым-катнаш жасоого мындан ары мүмкүн эмес экенин билдирди. Мунун алдында өлкөнүн күч кызматтары орус аскерлеринин кол салуусунан улам он чакты адам каза болгонун маалымдаган. Алардын ичинде жайкын тургундар да бар.

Ушул тушта Украинанын борбору Киев баштаган шаарларда, Краматорск, Харьков, Донецк жана башка облустарда, чек арадагы аймактарда жардыруу, аткылоо тууралуу маалыматтар тарап жатат. Украинанын Ички иштер министрлиги аскердик башкармалыктарга, аэродромдорго, аскердик кампаларга жана чек ара пункттарына ракеталык октор атылганын ырастады. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG