Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:33

Украина Орусиянын чабуулунан он чакты адам өлгөнүн маалымдады


Украина. Чугуев шаарындагы көп кабаттуу үйгө бомба түшкөндөн кийин.
Украина. Чугуев шаарындагы көп кабаттуу үйгө бомба түшкөндөн кийин.

Украинанын Ички иштер министрлиги Орусиянын чабуулунан жети жоокер каза болуп, 15и жарадар болгонун маалымдады. Ингулец дарыясындагы көпүрө урап, 20дай аскер дайынсыз болуп жатат.

Украинанын мамлекеттик чек ара кызматы Херсон облусунда үч чек арачы каза болгонун маалымдады. Мекеме орус тарап ракеталардан жана тик учактардан аткылап жатканын билдирүүдө.

Өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматы Харьков облусунда көп кабаттуу үйлөргө тийген снаряддардан жашы жете элек бир бала каза болгонун кабарлады. Турак жайдын башка жашоочулары эвакуацияланган.

Ушул тушта Украинанын борбору Киев баштаган шаарларда, Краматорск, Харьков, Донецк жана башка облустарда, чек арадагы аймактарда жардыруу, аткылоо тууралуу маалыматтар тарап жатат. Украинанын Ички иштер министрлиги аскердик башкармалыктарга, аэродромдорго, аскердик кампаларга жана чек ара пунктуларына ракеталык октор атылганын ырастады.

Орусиянын президенти Владимир Путин 24-февралда таң эрте билдирүү жасап, Донбасста атайын аскердик операция баштоо тууралуу чечим кабыл алганын билдирди. Ал украин жоокерлерин куралдарын тапшырып, үйлөрүнө кайтууга чакырды. Таңкы саат бештерде орус аскерлери Украинага чабуул жасашты.

Украинанын президенти Владимир Зеленский бул аракетти өлкөгө ачылган согуш деп атап, Орусиянын Украинага кол салуусуна байланыштуу дүйнөлүк лидерлерди Путинге каршы коалиция түзүүгө чакырды. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG