Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:06

Украина 40тан ашуун жоокерин жоготконун кабарлады


Украинанын Мариупол шаарындагы аткылоого кабылган аймагы. 22-февраль, 2022-жыл.
Украинанын Мариупол шаарындагы аткылоого кабылган аймагы. 22-февраль, 2022-жыл.

Орусиянын ракеталык чабуулдарынан улам Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн 40тан ашуун кызматкери каза болду, ондогон жоокер жаракат алды. Бул тууралуу Украинанын президентинин кеңешчиси Алексей Арестович 24-февралда атайын брифингде кабарлады.

Мурдараак Одесса облусунда аскердик бөлүктү бомбалоодон улам алты адам мерт болгону кабарланган. Мариуполдогу ок атуудан бир киши каза тапкан. Херсондо үч чек арачы каза болду, Уманда бир киши өлдү. Харьковдо көп кабаттуу үйгө тийген артиллериялык аткылоодон жаш баланын өмүрү кыйылды. Жаракат алган жайкын тургундар ондоп саналат.

Орусиянын президенти Владимир Путин 24-февралда таң эрте билдирүү жасап, Донбасста атайын аскердик операция баштоо тууралуу чечим кабыл алганын билдирди. Ал украин жоокерлерин куралдарын тапшырып, үйлөрүнө кайтууга чакырды. Таңкы саат бештерде орус аскерлери Украинага чабуул жасашты.

Украинанын президенти Владимир Зеленский бул аракетти өлкөгө ачылган согуш деп атап, Орусиянын Украинага кол салуусуна байланыштуу дүйнөлүк лидерлерди Путинге каршы коалиция түзүүгө чакырды.

Ушул тушта Украинанын борбору Киев баштаган шаарларда, Краматорск, Харьков, Донецк жана башка облустарда, чек арадагы аймактарда жардыруу, аткылоо тууралуу маалыматтар тарап жатат. Украинанын Ички иштер министрлиги аскердик башкармалыктарга, аэродромдорго, аскердик кампаларга жана чек ара пункттарына ракеталык октор атылганын ырастады. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG