Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:00

Салык кызматы: чек арадагы тыгынга QR коддун жоктугу себеп болууда


Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Тилек" көзөмөл өткөрүү жайына жакын жолдо турган машиналар. 23-февраль, 2022-жыл.
Кыргыз-казак чек арасындагы "Ак-Тилек" көзөмөл өткөрүү жайына жакын жолдо турган машиналар. 23-февраль, 2022-жыл.

Кыргызстандын Мамлекеттик салык кызматы кыргыз-казак чек арасындагы автоунаалардын тыгынына жүк ташуучуларда QR код менен басып чыгарылган электрондук эсеп-фактуранын жоктугу себеп экенин билдирди.

Мекеменин басма сөз кызматы 24-февралда тараткан маалыматка караганда, электрондук эсеп-фактуранын жоктугу тараптардын макулдашуусунун талаптары сакталбагандыгы катары бааланат. Казакстандын тиешелүү органдары жүктөрдү текшерүүгө аргасыз болуп жатат.

Эки мамлекеттин ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык боюнча жумушчу топтун 16-февралдагы отурумунда кыргызстандык жүк ташуучулар Казакстандын аймагына жана Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) текшерүүсүз өтүшү үчүн товарга QR коду менен басып чыгарылган электрондук эсеп-фактурасы болушу керек деген чечимге келишкен.

Салык кызматы Кыргызстандагы бардык жүк ташуучулар электрондук эсеп-фактура жөнүндө кабардар экенин айтууда.

23-февралда Кыргызстандын “Ак-Тилек” көзөмөл өткөрүү жайынын башчысы Муктарбек Мамбетакунов чек арадагы жүк ташуучу автоунаалардын кезеги жоюла электигин билдирген. Анын айтымында, мурдагыга салыштырмалуу жүк ташуучу машинелер көбөйүп, тыгын пайда болгон. Бул күнү эки жүзгө жакын машине топтолуп калган.

Импортко көз каранды Кыргызстан үчүн Казакстан башкы транзиттик жол болуп эсептелет. Кез-кезде Казакстан тарап Кыргызстан аркылуу жүк алып киргендерге эрежелерди катаалдатып, түйшүк жараткан учурлар болуп келет.

Евразия экономикалык биримдиги (ЕАЭБ) 2010-жылы Беларус, Казакстан жана Орусиянын Бажы биримдиги катары түзүлгөн. 2015-жылы уюмга Кыргызстан менен Армения кошулган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG