Орус-Украин согушу. Доллар куну. Жаңы мэр
Орусия Украинада аскердик операциясын баштады. Украин президенти муну кол салуу, согуш катары баалады. Айрым маалыматтар боюнча, эки тараптан тең каза таап, жарадар болгондор бар. Ал арада Кыргызстандын парламентинде Украинадагы кыргыз жарандарына жардам берүү маселеси көтөрүлдү. Украинадагы окуялардан улам Кыргызстандагы коммерциялык банктарда орус рубли арзандап, доллар кескин кымбаттады. АКШ долларынын курсу 85 сомдон 95ке жетти. Бишкекте шаар башчысы алмашты. Жаңы мэр болуп 63 жаштагы ишкер Эмилбек Абдыкадыров дайындалды.
Чыгарылыштар
-
Октябрь 30, 2026Санкция санаасы: Кыргыз өкмөтү ондогон ишкананы жапты
-
Октябрь 29, 2026Испания: Кырсыктаган поездде 70тей киши набыт болду
-
Октябрь 28, 2026Сот Перизат Суранованын кенемте боюнча арызын карай баштады
-
Октябрь 27, 2026Прокурор Коңкубаева: Аскат Жетиген расмий кайрылсын
-
Октябрь 23, 2026Баткенден жөө чыккан Жолдубаева Жапаровго жолугат