Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:05

Кыргызстан ЕАЭБдеги тоскоолдуктарды чечүүнү сунуштады


ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин желектери.
ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин желектери.

Министрлер кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровдун төрагалыгы астында Казакстандын Нур-Султан шаарында Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны өттү.

24-февралдагы отурумда Акылбек Жапаров президент Садыр Жапаровдун багыттары жана демилгелери жөнүндө айтып берди.

“2025-жылга чейин Экономикалык интеграцияны өнүктүрүүнүн стратегиялык багыттарында белгиленген максаттарга жетишүү, тоскоолдуктарды тез арада четтетүү боюнча натыйжалуу чараларды жана механизмдерди иштеп чыгуу керек”, - деген анда президент Жапаров.

Эртең, 25-февралда Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны кеңейтилген курамда өтөт. 2022-жылы Кыргызстан Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешине, Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешине жана Евразиялык экономикалык комиссиянын кеңешине төрагалык кылып жатат.

ЕАЭБ 2010-жылы Беларус, Казакстан жана Орусиянын Бажы биримдиги катары түзүлгөн. 2015-жылы уюмга Кыргызстан менен Армения кошулган.

Уюмга мүчө болгону менен кыргыз-казак чек арасынан жүк өткөрүүдө көйгөй жаралып келүүдө. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG