Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 08:28

Украин премьери орус күчтөрү Чернобыл АЭСин басып алганын кабарлады


Украина. Чернобыл АЭСи. Апрель, 2021-жыл.
Украина. Чернобыл АЭСи. Апрель, 2021-жыл.

Чернобыл атомдук электр станциясынын (АЭС) аймагы толугу менен Орусиянын оккупациялык күчтөрүнүн көзөмөлүнө өттү. Бул тууралуу Украинанын премьер-министри Денис Шмыгал атайын басма сөз жыйынында билдирди.

“Айыгышкан кармашка карабай Чернобыл аянтчасын биз көзөмөлдөн чыгарып жибердик. Мурдагы атомдук электр станциясындагы объектилер, конфайнмент жана өзөктүк калдыктарды сактоочу жайлардын абалы белгисиз. Орусиялыктардын бул багыттагы эч бир маңызсыз чабуулдарынан кийин, ЧАЭСтин коопсуздугу жөнүндө кеп кылуу кыйын. Бул жер учурда Европадагы эң олуттуу коркунучтардын бири болуп калды”,- деди ал.

Мунун алдында Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусиянын оккупациялык күчтөрү Чернобыл атомдук электр станциясын (АЭС) алууга аракет жасап жатышканын билдирген. Зеленский 1986-жылкы трагедия кайталанып кетпеши үчүн украин аскерлери жанын берип жатканын, эгер ал жерде кандайдыр бир кырсык орун алса, жалпы Европага кесепети тийерин эскерткен.

Орус президенти Владимир Путин 24-февралда таң эрте билдирүү жасап, Донбасста атайын аскердик операция уюштуруу деген жүйө менен Украинага согуш ачты. Ал украин жоокерлерин куралдарын тапшырып, үйүнө кайтууга чакырды. Таңкы саат бештерде орус аскерлери Украинага чабуул жасап, басып кирди.

Украинанын президенти Владимир Зеленский бул аракетти өлкөгө каршы согуш деп атап, Орусиянын Украинага кол салышына байланыштуу дүйнөлүк лидерлерди Путинге каршы коалиция түзүүгө чакырды.

Украинанын борбору Киев баштаган шаарларда, Краматорск, Харьков, Донецк жана башка облустарда, чек арадагы аймактарда жардыруу, аткылоо болгону тууралуу маалыматтар тарап жатат. Украинанын Ички иштер министрлиги аскердик башкармалыктарга, аэродромдорго, аскердик кампаларга жана чек ара пункттарына ракета атылып, ок тийгенин ырастады. Кеминде элүүдөй украин жарандары өлгөнү тууралуу маалыматтар бар.

1986-жылдын 26-апрелинде Чернобылдагы атомдук станцияда жарылуу болгон. СССР жетекчилиги бул кырсыкты оболу жашырып-жаап, кийин каргашанын айынан 31 киши өлгөнүн билдирген. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун маалыматы боюнча анда 9000дей киши каза тапкан. "Гринпис" уюму болсо кырсыктын кесепети 200 миң кишинин өмүрүн алган деп эсептейт. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG