Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:41

Орусиянын чабуулдарынан украиналык 137 аскер курман болду


Украин аскерлери.
Украин аскерлери.

Орусиянын чабуулдарынан украиналык 137 аскер курман болду. Бул тууралуу 25-февралга караган түнү Украинанын президенти Владимир Зеленский билдирди.

"316 аскер жарадар болду. Змеиный аралындагы бардык чек арачыларыбыз курман болду. Баарына Украинанын баатыры наамы ыйгарылат", - деди Зеленский.

Андан мурда Орусиянын чабуулдарынан каза болгон жайкын тургундар тууралуу да маалыматтар чыккан. Алардын так саны жарыялана элек.

Ошону менен катар Зеленский аскерге милдеттүүлөрдү жана запастагыларды жапырт армияга тартуу буйругуна кол койду. Ал эми чек ара кызматы 18тен 60 жашка чейинки эркектерге өлкөнүн аймагынан чыгууга тыюу салынганын жарыялады.

Пентагондун маалыматына караганда, Орусия согуш жарыялаган убакыттан тарта 160тай ракета соккусун жүргүздү. Украинанын коргоо министри Алексей Резников Москва чабуулдардын жаңы толкунун даярдап жатканын билдирди.

Орус тарап жоготуулар тууралуу маалымат бере элек. Ушул тапта айыгышкан салгылашуулар Донбасс, Харьков жана өлкө түндүгүндө жүрүп жатат.

Орусия Украинага согуш жарыялаганы үчүн Евробиримдик жана Кошмо Штаттар Москвага жаңы санкцияларды киргизишти.

Орус президенти Владимир Путин 24-февралда таң эрте билдирүү жасап, Донбасста "атайын аскердик операция уюштуруу" деген жүйө менен Украинага согуш ачты. Ал украин жоокерлерин куралдарын тапшырып, үйүнө кайтууга чакырды. Таңкы саат бештерде орус аскерлери Украинага чабуул жасап, басып кирди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG