Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:28

Бишкекте жана Ошто Украинаны колдогон акция өттү


Бишкектеги акция. 25-февраль, 2022-жыл.
Бишкектеги акция. 25-февраль, 2022-жыл.

Бүгүн, 25-февралда Орусиянын Бишкектеги элчилигинин алдында отузга жакын киши Украинаны колдогон акция өткөрдү. Ушул эле күнү Ош шаарындагы Орусиянын Башкы консулдугунун алдында дагы ушундай акция болду.

Акцияга чыккандар "Согушка жол жок!", "Тынчтык үчүн!", "Алдоону жана өлтүрүүнү токтот!" деген жазууларды кармап турушту. Украинаны колдогон акция 24-февралда дагы Бишкек шаарында өткөн.

Орус президенти Владимир Путин 24-февралда таң эрте билдирүү жасап, Донбасста "атайын аскердик операция уюштуруу" деген жүйө менен Украинага согуш ачты. Ал украин жоокерлерин куралдарын тапшырып, үйүнө кайтууга чакырды. Таңкы саат бештерде орус аскерлери Украинага чабуул жасап, басып кирди.

Владимир Зеленский бул аракетти өлкөгө каршы согуш деп атап, дүйнө лидерлерин Путинге каршы коалиция түзүүгө чакырды. Батыш өлкөлөрү Путинди айыптап, Орусияга каршы жаңы санкциялык пакеттер кабыл алына баштады.

Киев баштаган шаарларда, Краматорск, Харьков, Донецк жана башка облустарда, чек арадагы аймактарда жардыруу, аткылоо токтой элек. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG