Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:40

Зеленский кайрадан Путин менен сүйлөшүүнү сунуштады


Владимир Зеленский.
Владимир Зеленский.

Украинанын президенти Владимир Зеленский кезектеги видеокайрылуусунда Орусиянын өз өлкөсүнө басып киришин “Европага карата согуш” деп атап, айыптады. Сөзүнүн соңунда ал орусча сүйлөп, Орусиянын президенти Владимир Путин менен сүйлөшүү баштоону сунуштады.

“Украинанын бардык аймагында атышуу жүрүп жатат. Адам өлүмүнүн алдын алуу үчүн келгиле сүйлөшүү үстөлүнө отуралы”, - деди Зеленский.

Ал буга чейин да Путин менен эки же бир нече тараптуу сүйлөшүү өткөрүүнү сунуштаган.

Мунун алдында Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Украинанын аскерлери куралын таштаса гана Москва сүйлөшүүгө бара турганын билдирген.

Орус президенти Владимир Путин 24-февралда таңында билдирүү жасап, Донбасста "атайын аскердик операция уюштуруу" деген жүйө менен Украинага согуш ачты. Ал украин жоокерлерин куралдарын тапшырып, үйүнө кайтууга чакырды. Таңкы саат бештерде орус аскерлери Украинага чабуул жасап, басып кирди. 25-февралда таңдан баштап орус армиясы Украинанын бардык аймактарында аткылоолорун жана бомбалоосун улантууда.

Украина кармаштын биринчи күнү 137 аскери мерт болгонун кабарлады, Орусия курмандыктар боюнча маалымат тарата элек.

Украинанын президенти Владимир Зеленский муну ачык эле согуш деп атап жатат. Батыш өлкөлөрү жана НАТО, Евробиримдик да Москванын кадамын кескин айыптады. АКШ орусиялык бир катар банктарга чектөө киргизип, айрым аткаминерлеринин балдарынын активдерин камакка алган. Австралия, Жапония жана Канада Орусияга каршы санкцияларды колдоду. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG