Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:48

Путин телефондон Си Цзинпин жана Башар Асад менен сүйлөштү


Владимир Путин.
Владимир Путин.

25-февралда Кытайдын лидери Си Цзинпин Орусиянын президенти Владимир Путин менен сүйлөштү. Бул тууралуу Кытайдын борбордук телеканалы кабарлады.

Сүйлөшүү Украинадагы кырдаал курчуган маалда өттү. Анда эмне кеп болгону кабарлана элек.

Орус президенти Владимир Путин ушул эле күнү Сириянын башчысы Башар Асад менен да телефондон баарлашканын Кремл билдирди. Анда Асад Донбасстагы калктын укугун коргоо үчүн жасалып жаткан Орусиянын аскердик операциясын жактап, Батышты айыптаган.

Орус президенти Владимир Путин 24-февралда таң эрте билдирүү жасап, Донбасста "атайын аскердик операция уюштуруу" деген жүйө менен Украинага согуш ачты. Ал украин жоокерлерин куралдарын тапшырып, үйүнө кайтууга чакырды. Таңкы саат бештерде орус аскерлери Украинага чабуул жасап, басып кирди. 25-февралда таңдан баштап орус армиясы Украинанын бардык аймактарында аткылоолорун жана бомбалоосун улантууда.

Украина кармаштын биринчи күнү 137 аскери мерт болгонун кабарлады, Орусия курмандыктар боюнча маалымат тарата элек.

Украинанын президенти Владимир Зеленский муну ачык эле согуш деп атап жатат. Батыш өлкөлөрү жана НАТО, Евробиримдик да Москванын кадамын кескин айыптады. АКШ орусиялык бир катар банктарга чектөө киргизип, айрым аткаминерлеринин балдарынын активдерин камакка алган. Австралия, Жапония жана Канада Орусияга каршы санкцияларды колдоду. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG