Жакында Евразиялык экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдүн экономика жана финансы министрлери Москвага барып, Украинадагы кырдаалга байланыштуу көрүлчү экономикалык аракеттерди иштеп чыгат. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров 24-25-февраль күндөрү Нур-Султанда өткөн Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин жыйынынан кийин билдирди.
"Дүйнө жүзүндө абал тынч эмес. Ага байланыштуу сомдун, теңгенин куну түшүп кетти. Ушунун баары биздеги экономикалык абалдан эмес, Орусия менен Украинанын ортосундагы түшүнбөстүктүн кесепетинен болуп жатат. Биздин эң көп соода-сатык Орусия менен. Соода-сатык көп болгон мамлекетте бирдеме болуп жатса бизге дагы таасири тиет. Чогуу-чаран кандай аракет кылабыз деп жакында финансы, экономика министрлери Москвада чогулат. Медотикаларын иштеп чыгып, бири-бирибизге жардам бере турган мүмкүнчүлүктү карайбыз".
Акылбек Жапаров Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы соода жүгүртүү 2,5 млрд. долларга жеткенин белгиледи.
24-25-февралда Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин жыйыны өттү. 2022-жылы Кыргызстан Жогорку Евразиялык экономикалык кеңешине, Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешине жана Евразиялык экономикалык комиссиянын кеңешине төрагалык кылып жатат.
ЕАЭБ 2010-жылы Беларус, Казакстан жана Орусиянын Бажы биримдиги катары түзүлгөн. 2015-жылы уюмга Кыргызстан менен Армения кошулган.